Blog Image

КМУда бир жумалык психология жана педагогика предметтери боюнча декаданын ачылышы өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинде бир жумалык психология жана педагогика предметтери боюнча декаданын ачылышы өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө, “Бир Бол” партиясынын жаштар канатынын мүчөсү, жогорку окуу жайлардын координатору Жакшылык Бекназаров “Ийгиликке жетүүнүн ачкычы”, журналист Тунук Сапарбекова “Оратордук чеберчилик” темасында лекция өттү. Студенттер кызыккан суроолорун берип, кенен маалыматтарга ээ болушту.