Blog Image

КМУда Бишкек колледждеринин 25 окутуучусуна инклюзивдүү билим берүү боюнча тренинг башталды

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында Бишкек колледждеринин 25 окутуучусуна инклюзивдүү билим берүү боюнча тренинг башталды.  Иш-чарага университеттин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу катышып, окутуучуларга ийгиликтерди каалады. Тренинг Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Билим берүү окуу жайларында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бөлбөй, жалпы окуучулар менен чогуу окутуу жана ошондой эле алардын ден соолугунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жекече мамиле кылуу өтө маанилүү. Буга байланыштуу, тренингден окутуучулар аталган студенттерге педагогикалык жана психологиялык жактан туура мамиле жасоону, башкача айтканда, алардын муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуунун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун ыкмаларын үйрөнүп чыгат.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү – тренингден өткөн окутуучулар сертификатка ээ болуп гана тим болбостон, ар-бири колледждер жана кесиптик лицейлердин окутуучуларын инклюзивдүү билим берүү боюнча окутууга мүмкүнчүлүк алат. Бул, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларына мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди көбүрөөк тартуу жана алардын толук кандуу билим алуусуна шарт түзүүгө көмөк көрсөтөт. Иш-чарага чет мамлекеттерден инклюзивдүү билим берүү боюнча тренинг-семинарлардан өтүп келген, тажрыйбалуу тренерлер чакырылган.