Blog Image

КМУда Бишкек колледждеринин 25 окутуучусуна инклюзивдүү билим берүү боюнча тренинг ийгиликтүү аяктады

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында өтүп жаткан Бишкек колледждеринин 25 окутуучусуна инклюзивдүү билим берүү боюнча тренинги аяктады. Тренинг Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Билим берүү окуу жайларында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бөлбөй, жалпы окуучулар менен чогуу окутуу жана ошондой эле алардын ден соолугунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жекече мамиле кылуу өтө маанилүү. Буга байланыштуу, тренингден окутуучуларга аталган студенттерге педагогикалык жана психологиялык жактан туура мамиле жасоо, алардын муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуунун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун ыкмалары үйрөтүлдү.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү – тренингден өткөн окутуучулар сертификатка ээ болуп гана тим болбостон, ар-бири колледждер жана кесиптик лицейлердин окутуучуларын инклюзивдүү билим берүү боюнча окутууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларына мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди көбүрөөк тартуу жана алардын толук кандуу билим алуусуна шарт түзүүгө көмөк көрсөтөт. Иш-чарага чет мамлекеттерден инклюзивдүү билим берүү боюнча тренинг-семинарлардан өтүп келген, тажрыйбалуу тренерлер чакырылган.