Blog Image

КМУда “Бишкек шаарынын атмосфералык абасынын булганышы” аталышында конок-лекция өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттерине Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын адистери М. Жансеркеева менен А. Бердибеков “Бишкек шаарынын атмосфералык абасынын булганышы” темада конок-лекция өттү.

Лекциянын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээли, бул процесстин негизги факторлору жана алардын экологияга тийгизген таасири тууралуу кеңири маалымат берилди. Лекциянын алкагында таштандылардын атмосферага тийгизген терс таасирлери боюнча да маанилүү фактылар айтылды.

“Бишкек шаарынын атмосфералык абасынын булганышы” аталышында конок-лекция Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.