Blog Image

КМУда Борбордук Азияда англис тилин окутуу саясаты боюнча семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды

Бүгүн, 5-июнь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Британдык Кеңеш тарабынан ишке ашырылып жаткан AELLCA (Accelerating English Language Learning in Central Asia) долбоорунун алкагында Борбордук Азияда англис тилин окутуу саясаты боюнча семинар жыйынтыкталды.

Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер, Өзбекстандан, Казакстандан, Тажикстандан келген коноктор жана Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер долбоорго толук колдоо көрсөтүп, англис тилин билүү Борбордук Азиядагы жаштар үчүн эл аралык билим берүү жана кесиптик мейкиндикке интеграцияланууга кеңири мүмкүнчүлүк ачарын белгиледи.

КМУнун ректору Айгүл Абдраева университет AELLCA долбоорунун демилгелерин ишке ашырууга активдүү катышууга даяр экенин билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын ортосунда англис тили мугалимдеринин потенциалын өнүктүрүүгө жана Борбордук Азияда тилдик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.