КМУда Борбордук Азияда англис тилин окутуу саясаты боюнча семинардын экинчи күнү өтүүдө
Бүгүн, 4-июнь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Британдык Кеңеш тарабынан ишке ашырылып жаткан AELLCA (Accelerating English Language Learning in Central Asia) долбоорунун алкагында Борбордук Азияда англис тилин окутуу саясаты боюнча семинардын экинчи күнү өтүүдө.
Иш-чарага Иш-чарага КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Өзбекстан Республикасынан келген коноктор жана Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө AELLCA (Accelerating English Language Learning in Central Asia) долбоорунун консультанттары Яйра Абдураимова жана Нодира Исамухамедова “PRESETT программасына рефлексияны киргизүү” аталышында тренинг өттү. Алар педагогикалык рефлексиянын маанилүүлүгүн белгилеп, болочок англис тили мугалимдерин даярдоодо бул ыкманын зарылдыгы тууралуу маалымат беришти.