КМУда «Борбордук Азияда диний билим берүүнүн өтмүшү, учурдагы абалы жана келечеги» аталышында эл аралык конференциянын уюштуруучулары жолугушту
Бүгүн, 4-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Борбордук Азияда диний билим берүүнүн өтмүшү, учурдагы абалы жана келечеги» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференциясынын уюштуруучуларынын жолугушуусу өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Маматов, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Абдулазиз Закиров жана И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө конференциянын уюштуруу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун алкагында И. Арабаевдин музейи менен таанышып, окуу жайдын чоң жыйындар залын жана илимий китепканасын көрүп чыгышты.