Blog Image

КМУда “Борбордук Азияда инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүү: изилдөө жана практика” аталышында семинар өтүүдө

17-май күнү И.Арабаев атындагы КМУда “Борбордук Азияда инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүү: изилдөө жана практика. Борбордук Азиядагы билим берүү лидерлигинин ролун изилдөө” аталышында семинар өтүүдө.

Семинардын жүрүшүндө Билим берүү лидерлиги боюнча магистратура программасынын директору, Назарбаев Университетинин профессору Дүйшөн Шаматов “Төртүнчү жол” жана “Аракет изилдөө (Action Research)” китептерин презентациялады.

Ошондой эле, Назарбаев Университетинин PhD программасынын директору, профессор Мир Афзал Тажик “Борбордук Азиядагы билим берүү лидерлигинин ролу боюнча изилдөө/ PhD программаларын презентациялоо” жана Назарбаев Университетинин профессору Тседисо Майкл Макоелле “Борбордук Азияда инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүү: изилдөө жана практика” тууралуу ой бөлүштү.

Иш-чарага Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИ, ППИ, МТМИ жана Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин профессордук-окутуучулук курамы катышууда.