КМУда Борбордук Азиядагы англис тилин окутуу саясаты боюнча иш-чара өтүүдө
Бүгүн, 3-июнь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Британдык Кеңеш тарабынан ишке ашырылып жаткан AELLCA (Accelerating English Language Learning in Central Asia) долбоорунун алкагында үч күнгө созулган семинар башталды.
Иш-чарага КМУнун Илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Өзбекстан Республикасынан келген коноктор жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун Илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева англис тилин окутуунун сапатын жогорулатуу жаштардын академиялык жана кесиптик мобилдүүлүгүнүн негизги куралы экендигин белгиледи.
Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары англис тили мугалимдерин даярдоодогу негизги компоненттерди белгилеп, PRESETT стандарттары, окуу программалары жана окутуу методикалары боюнча маселелерди талкуулашты.