КМУда «Борбордук Азиядагы диний билим берүүнүн өтмүшү, учурдагы абалы жана келечеги» эл аралык ИПК өтүүдө
«Борбордук Азиядагы диний билим берүүнүн өтмүшү, учурдагы абалы жана келечеги» эл аралык илимий-практикалык конференциясы КР Президентинин “Ала-Арча” резиденциясында өтүүдө.
Конференциянын пленардык жыйынында Өзбекстан мусулмандар башкармалыгынын төрагасынын орун басары, Ташкент ислам институтунун ректору, профессор Мухаммадолим Мухаммадсидиков - “Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан диний жана билим берүү тармагындагы реформалардын өзгөчөлүктөрү”, Туркиянын Анкара социалдык билимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыжан - “Диний билим берүүдө жаны багыттар жана методдор (теология факультеттеринин мисалында)”, Россия Ислам Унтверситетинин ректору, академик Рафик Мухаметшин - “Постсоветтик мейкиндикте ислам билиминин көйгөйлөрү жана келечеги: Россиянын тажрыйбасы”, Казакстандын Нур Мубарак Египет ислам маданият университетинин проректору, PhD доктор Ершат Агыбай уулу Оңгар - “Борбор Азияда исламдык билим берүү: салттуу жана иновациялык”, Ош мамлекеттик университетинин Арашан гуманитардык институту доценти, PhD доктор Сайфулла Базаркулов - “Кыргызстанда теологиялык билим берүүнүн интеграцияланышы: абалы жана өнүгүү келечеги”, И.Арабаев атындагы КМУнун теология факультетинин доценти, PhD доктор, КМДБнын муфтийинин биринчи орун басары, Самаган Мырзаибраимов - “Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына караштуу диний окуу жайларды реформалоонун учурдагы абалы жана перспективасы”, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мамлекет жана укук институтунун директору, профессор Токон Мамытов - “Диний билим берүүдө чакырыктар жана көйгөйлөр” баяндамалары угулду.
Конференциянын максаты: Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн тажрыйбасын алуу жана жаңыча идеяларды, илимий прогресстерди ачуу; Кыргыз Республикасынын диний билим берүү процессинде жаңыча профилдерди ачуу аркылуу трансформациялоодогу идеялар менен бөлүшүү жана тез өзгөрүп жаткан дүйнө шартында маселелерди чечүүгө педагогикалык жана илимий кадрларды сапаттуу даярдоо боюнча илимий-педагогикалык талкууларды өткөрүү.
Конференция КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана И.Арабаев атындагы КМУнун дин таануу факультети тарабынан биргеликте уюштурулуп, гибриддик форматта кыргыз, орус, англис тилдеринде өтүүдө.