КМУда «Борбордук Азиядагы диний билим берүүнүн өтмүшү, учурдагы абалы жана келечеги» эл аралык ИПК өз ишин баштады
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Борбордук Азиядагы диний билим берүүнүн өтмүшү, учурдагы абалы жана келечеги» эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ №412 Жарлыгын жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын аткаруу максатында И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинин 2024-2025-окуу жылына илимий иштер, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча иш планына ылайык Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына арналган.
Конференция КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана И.Арабаев атындагы КМУнун дин таануу институту тарабынан биргеликте уюштурулуп өтүүдө.
Иш-чаранын катышуучуларына И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева кайрылып, өтүп жаткан ири эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Борбордук Азиядагы дин таануу жана диний билим берүү процессинде жаңыча профилдерди ачуу аркылуу трансформациялоодогу идеяларды, илимий прогресстерди ачууда ийгиликтерди каалап кетти.
Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Татарстан, Түркия, Малайзия, Россия Федерациясынын университеттеринин ректорлору, изилдөөчүлөр, ошондой эле жергиликтүү теологдор, дин таануучулар, Дипломатиялык корпустун жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, профессордук-окуутуучулук курам, диний жана коомдук ишмерлер катышууда.
Конференция гибриддик форматта өтүүдө жана анын материалдары жыйнакта жарыяланмакчы.