Blog Image

КМУда “Борбордук Азиядагы жадидчилик жана анын билим берүүдөгү орду” аталышында студенттик илимий конференция өттү

28-март күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Борбордук Азиядагы жадидчилик жана анын билим берүүдөгү орду” аталышында студенттик илимий конференция өттү. Иш-чарага КР ДИМКга караштуу ДКИБ жетекчиси Шерматов Ш.Ж., ОшМУ АГИ Дин таануу факультетинин окутуучусу доц. Базаркулов С.Ө., И. Арабаев атындагы КМУнун Окуу башкармалыгынын начальниги Амантур уулу Эдил, И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика кафедрасынын башчысы профессор Эсенгулова М.М., И. Арабаев атындагы КМУнун илим-инновация департаментинин башчысы доцент Кармышева Ү.Ж., Теология факультетинин деканы PhD доктор, доц.м.а. Шамралиев Н.Б., Теология факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жадидчиликтин маани-маңызы, тарыхы, өкүлдөрү, диний билим берүүдөгү орду тууралуу баяндамалар жасалды. Иш-чаранын жыйынтыгында Теология факультетинин деканы Шамралиев Н.Б. катышуучуларга сертификаттарды тапшырды.

Иш-чара КМУнун Теология факультети тарабынан уюштурулган.