Blog Image

КМУда “Церебралдык шал оорусу бар балдар менен дене тарбия сабактарын өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү” аталышында конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Армениянын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун профессору, педагогика илимдеринин кандидаты Суссана Овеян “Церебралдык шал оорусу бар балдар менен дене тарбия сабактарын өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү” аталышында конок-лекция өттү.

Лекциянын жүрүшүндө профессор Суссана Овеян балдардын кыймыл көндүмдөрүн өнүктүрүүдө жана социалдык интеграциясында адаптивдик дене тарбиянын маанисин баса белгилеп, өзүнүн практикалык тажрыйбасы жана илимий изилдөөлөрүнүн натыйжалары тууралуу маалымат берди.

Иш-чаранын максаты: студенттердин өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен иштөө боюнча билимдерин кеңейтүү.

Конок-лекция Педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулду.