КМУда "Ч. Айтматов 95 жашта" аттуу студенттер арасында таймаш болду
6-декабрда Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти Сапарбаева У.Ч. куратордук сааттын алкагында заманыбыздын залкары Ч. Айтматовдун туулган күнүнө арналган “Ч. Айтматов 95 жашта” аттуу 1-курстардын ортосунда КВН өткөрдү. Анын башталышында институттун директору, профессор М.М. Дылдаев сөз сүйлөп, жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы студенттердин билимине жана тарбиясына чоң таасир этээрин баса белгилеп, дайыма ушундай өрнөктүү иш-чараларды уюштура берүүнү каалады.
КВНге үч группадан “Делбирим”, “Турналар” жана “ “Кызыл алма” аталышындагы командалар катышты.
Командалар жазуучунун чыгармаларынан алынган ырларды, монологдорду, сценкаларды аткарышты.