КМУда Ч. Айтматовду эскерүү кечеси өттү
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечесин Салымбеков университетинин студенттери менен биргеликте өткөрүүдө. Кечеде Айтматовго арналган слайд көрсөтүлүп, ырлар аткарылат. Ошондой эле чыгармаларынан сахналаштырылган сценка коюлат. Бул иш-чара студенттерди ынтымакка чакыруу менен патриоттуулукка тарбиялоого багытталган.