Blog Image

КМУда Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган студенттер арасындагы конкурстук  иш-чара өттү

1-декабрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин   Педагогика жана психология институтунун Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиялары кафедрасы  тарабынан уюштурулган залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган студенттер арасындагы конкурстук  иш-чара өттү. Тайпалар арасында Ч.Айтматовдун чыгармаларына карата дил баян,  сүрөт, монолог, стенгазета, автордук ыр-саптарынан көркөм окуу боюнча сынак жарыяланган. Ага окуу жайдын Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Жаштар жана соц-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы  Азамат Айдаров, Педагогика жана психология институтунун директору Гулзат Казиева жана профессордук окутуучулар курамы катышты. Иш-чарада студенттер конкурстун негизинде тапшырмаларын  ийгиликтүү аткарышып, калыстар тобунун чечими менен ар бир номинация боюнча орундар берилип, профсоюз тарабынан белектерге ээ болушту.