Blog Image

КМУда “Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы таалим-тарбиянын булагы” аттуу эл  аралык семинар өтүүдө

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М. Р. Рахимова атындагы Кошумча кесипттик билим берүү институтунун Педагогика жана гуманитардык билимдер кафедрасында “Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы таалим-тарбиянын булагы” аттуу эл  аралык семинар офлайн жана онлайн режимдеринде өтүүдө. Семинарга окуу жайдын Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, КРнын Евразия институтунун, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызтест мамлекеттик мекемеси, КР Билим берүү академиясынын, Ж.Баласагын атындагы КУУ жана КМУнун профессордук окутуучулар курамы катышууда. Иш-чарада жазуучунун чыгармачылыгындагы педагогикалык ойлор, анын чыгармалары аркылуу жаштарды тарбиялоо идеялары ар тараптан талкууланып, кызыктуу баяндамалар жасалууда.