Blog Image

КМУда "Ч.Айтматовдун кытай адабиятындагы орду" аталышында семинар өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу Асылкан Жаныбекова "Ч.Айтматовдун кытай адабиятындагы орду" аталышында семинар өттү.

Иш-чара чет тилдер декадасынын алкагында уюштурулуп, ага Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Семинардын жүрүшүндө студенттер улуу жазуучу Ч.Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынан кытай тилинде үзүндү аткарышты. Ошондой эле, алар кытай адабиятчылары тууралуу маалымат алышты.

Иш-чара КМУнун Кыргыз-Кытай факультети тарабынан уюштурулду.