КМУда "Чечендик өнөр – иш адеби" курсу аяктады
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Чечендик өнөр – иш адеби" курсу аяктады. Аталган курстарды чечендик өнөр боюнча эл аралык тренер Эльмира Турсунова жүргүздү.
Курстарда риторика сабактары, кыргыз элинин маданиятын, баалуулуктарын терең өздөштүрү болду. Бул курстардын катышуучулары ишенимдүү сүйлөөнү, угуучулардын көңүлүн бурдуруу, ойлорду так жана даана жеткирүүнү үйрөнө алды.
Көптөгөн практика (машыгуу) жана импровизация аркылуу: эл алдында сүйлөө ыкмалары; үндү жана жаңсоону башкаруу; кыргыз чечендик өнөрүнүн мыкты үлгүлөрүн эске салуу; сөздүн күчүн биримдиктин жана өнүгүүнүн куралы катары кайра карап чыгуу жетишкендиктер жаралды.
Курстар жогорку деңгээлде М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан уюштурулган.