Blog Image

КМУда чет тилдер декадасынын ачылышы өттү

Бүгүн, 10-март күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде чет тилдер декадасынын ачылышы өттү.

Иш-чарага КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө чет тилдеринде ырлар аткарылып, флешмоб уюштурулду.

Декаданын негизги максаты: студенттердин чет тилдерге болгон кызыгуусун арттыруу, аларга профессионалдык жана жеке өнүгүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле университеттин билим берүү сапатын жогорулатуу.

Бул иш-чаранын алкагында студенттерге чет тилдерди терең жана кызыктуу ыкмаларды колдонуп үйрөнүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Иш-чара КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулду.