КМУда «Чет тилдерди окутуунун актуалдуу көйгөйлөрү: инновациялык ыкмалар жана перспективалар» аталышында илимий-практикалык конференция өтүүдө
Бүгүн, 15-ноябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, КМУнун 80 жылдыгына жана Кыргызстанда япон тилин окутуунун 30 жылдыгына карата «Чет тилдерди окутуунун актуалдуу көйгөйлөрү: инновациялык ыкмалар жана перспективалар» аталышында ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Конференцияга КМУнун окуу иштери боюнча проректору, Раушанбек Зайниев, Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Ардактуу консулу Ецухаши Мичинори мырза, Япониядагы “Иватани Гакуэн” билим берүү корпорациясынын төрагасы Ивая Дайсуке мырза жана Япониядагы Цукуба университетинин профессору Ито Хиронори мырза, ошондой эле, жогорку окуу жайларынын Япония жана башка эл аралык билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышууда.