КМУда "Чет тилдерин окутууда коммуникативдик ыкмаларды колдонуу" темасында III курстун студент-практиканттары үчүн тренингдер аяктады
Бүгүн, 26-февраль күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИде Чет тилдерди жана маданияттарды окутуунун теориясы жана методикасы (ТИМ) жана Лингвистика жана жаңы маалыматтык технологиялар (ЛиНИТ) адистиктеринин үчүнчү курстарынын практикант студенттери үчүн уюштурулган тренингдер аяктады.
Тренингдер ү.ж. 5-26-февраль күндөрү аралыгында Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун "Чет тилдерди окутууда коммуникативдик ыкмаларды колдонуу" темасы боюнча фундаменталдык жана колдонмо лингвистика кафедрасында методисттер, ыктыярчылар тарабынан өткөрүлдү.
Негизги милдеттери: катышуучуларды окутууда коммуникативдик мамиленин принциптери менен тааныштыруу; Soft Skills көндүмдөрүн өнүктүрүү; студенттерди активдүү тартуу менен окуу процессин уюштуруу жөндөмүн калыптандыруу; практикалык көнүгүүлөр аркылуу ыкмаларды иштеп чыгуу.
Тренингдерди ага окутуучулар Э.Д. Ахметова, А.Р. Алиева, Э.К. Дылдаева, ыктыярчылар Джонатан Комбс, Сэсили Байтон, Джоел Саймонс, Мэдди Макларен.