КМУда "Чет тилдерин тез жана натыйжалуу үйрөнүүнүн ыкмалары" аталышында семинар өттү
Бүгүн, 18-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу Гүлзада Молдомамытова "Чет тилдерин тез жана натыйжалуу үйрөнүүнүн ыкмалары" аталышында семинар өттү. Иш-чарага Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Семинардын негизги максаты: чет тилдерин үйрөнүүдө студенттерге мотивация берүү, окуудагы натыйжалуулукка жетишүү үчүн колдонулуучу ыкмалар жөнүндө маалыматты берүү. Студенттерге окуу программалары жана тил үйрөнүүнү жеңилдетүүчү жаңы жолдор тууралуу маалымат берилди.