КМУда «Чоң Алтай» интеграциялык маданий-илимий иш-чара өттү
Бүгүн, 9-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык юбилейине арналган Алтай мамлекеттик университети менен биргеликте «Чоң Алтай» интеграциялык маанилүү маданий-илимий иш-чара өттү.
Иш-чаранын алкагында «Салт-санааны сактаган Алтай» аталышында Э.Ж. Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту менен Алтай мамлекеттик университети тарабынан даярдалган көргөзмө уюштурулду.
Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышын ТСУББИнин директору Чолпон Койчуманова ачып берип, кыргыз жана алтай элдеринин окшош каада-салттары, маданий жана этнографиялык өзгөчөлүктөрү тууралуу белгилеп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасындагы Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев катышып, университеттин 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, мындан аркы эл аралык кызматташтык дагы тереңдеп өнүгөрүнө ишенимин билдирди.
Көргөзмөдөн кийин иш-чаранын ардактуу мейманы – тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Алтай мамлекеттик университетинин тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору Игорь Назаров студенттерге, магистранттарга жана изилдөөчүлөргө конок-лекция окуду.
Аталган “Чон Алтай” долбоору эки тараптуу илимий диалогду тереңдетүүгө, академиялык тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түздү.