Blog Image

КМУда “Чыгармачыл горизонттор: мода, туризм жана графикалык дизайн” аталышында улуттук форум өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине жана Кыргызстандын Кара-Кыргыз Автономиялу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Чыгармачыл горизонттор: мода, туризм жана графикалык дизайн” аталышында улуттук форум өттү.

Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Динара Ашимова, Винера Раимбачаева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Исираилова, окутуучулар жана студенттер катышты.

Форумдун негизги максаты: кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу үчүн мода, туризм жана графикалык дизайн аркылуу тажрыйба жана билим алмашууга мүмкүнчүлүк түзүү.

КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин директору Токтобүбү Ашымбаева, Гуманитардык-педагогикалык колледжинин дизайн жана гуманитардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Турганбаева жана Гуманитардык-педагогикалык колледжинин окутуучулары Ашымбаева Токтобубу Абасовна, Исакунова Нурия Сабыровна, Гүльзат Сагымбаева, Батима Кызылтау, Чолпон Турдуналиева, КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Форумдун алкагында чыгармачыл тармактарды өнүктүрүүгө багытталган талкуулар, мастер-класстар жана студенттердин “Ала- Тоо”, “Ак башат” «Мурас» коллекциясынын көргөзмөсү тартууланды.

Иш-чара КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжи тарабынан уюштурулду.