КМУда “Чыгармачыл горизонттор: мода, туризм жана графикалык дизайн” аталышында улуттук форум өз ишин баштады
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине жана Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Чыгармачыл горизонттор: мода, туризм жана графикалык дизайн” аталышында улуттук форум өз ишин баштады.
Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Динара Ашимова, Винера Раимбачаева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Исираилова, КМУнун окутуучулары жана студенттери катышууда.