Blog Image

КМУда “Дүйнөнү уюштуруунун структуралык деңгээлдери. Мегадүйнө: дүйнөнүн астрофизикалык жана космологиялык сүрөттөлүшү” аталышында конок-лекция өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Proastro” илимий борборунун негиздөөчүсү Ажара Касмалиева, “Proastro” борборунун кызматкери, астроном Игорь Плугатырёв “Дүйнөнү уюштуруунун структуралык деңгээлдери. Мегадүйнө: дүйнөнүн астрофизикалык жана космологиялык сүрөттөлүшү” аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Конок-лекциянын жүрүшүндө дүйнөнү уюштуруунун структуралары, асман телолорунун жана галактикалардын өз ара байланыштары, алар кандайча жайгашкандыгы жана түзүлүштөрү тууралуу маалыматтар берилди.

Лекциянын практикалык бөлүгүндө, студенттерге асман телолорун байкоо үчүн астрономиялык түзүлүштөрдү жана астротурларды уюштуруунун мааниси тууралуу маалыматтар берилип, Proastro борборунун ишмердүүлүгү жана анын билим берүү жаатындагы ийгиликтери жөнүндө айтылды.

Иш-чаранын максаты студенттерди фундаменталдык билимдерге кызыктыруу, аларга учурдагы табият таануу концепцияларынын негизинде дүйнөнүн уюшулушунун сүрөттөлүшүн Мегадүйнө деңгээлинин мисалында түшүндүрүү, ошондой эле, асман телолору жана космос дүйнөсү тууралуу теориялык билим менен практикалык таанып-билүүнү камсыздоо.

Иш-чара Э. Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.