Blog Image

КМУда “Декоративдик живопись” аталышында мастер-класс өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Костюм жана текстиль технологиялары жана искусствосу кафедрасынын окутуучусу Мирлан Сабыров “Декоративдик живопись” аталышында мастер-класс өткөрдү.

Иш-чарага КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин деканы Кадыралы Артыков, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө декоративдик живопись искусствосунун негиздери, техникалары, колдонулушу жана декоративдик живопистин мааниси тууралуу практикалык маалыматтар берилди.

Иш-чара КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасы тарабынан уюштурулду.