Blog Image

КМУда "Ден соолук - 2024" спартакиадасы уланууда

Бүгүн, 13-январда, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыздар арасында волейбол, тогуз коргоол боюнча мелдеш өтүп жатат. Анда "Ден соолук - 2024" аталышындагы спартакиаданын алкагында окуу жайдын окутуучулары жана кызматкерлери ат салышууда. Оюндун жүрүшүнө окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева менен Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу күбө болушту.