Blog Image

КМУда "Ден соолук - 2024" спартакиадасы уланууда

Бүгүн, 15-январда, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыздар арасында волейбол, балдар арасында шахмат боюнча мелдеш өтүп жатат. Анда "Ден соолук - 2024" аталышындагы спартакиаданын алкагында окуу жайдын окутуучулары жана кызматкерлери ат салышууда.

Оюндун жүрүшүнө окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы жана Окуу башкармалыгынын начальниги Равшан Зайниев күбө болушту.