Blog Image

КМУда "Ден соолук - 2024" спартакиадасы уланууда

Бүгүн, 16-январда, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эркектер арасында волейбол боюнча жана аялдар арасында шахмат боюнча мелдеш өтүп жатат. Анда "Ден соолук - 2024" аталышындагы спартакиадасынын алкагында окуу жайдын окутуучулары жана кызматкерлери ат салышууда.