Blog Image

КМУда депозиттерди коргоо системасы боюнча конок-лекциясы өттү

Бүгүн, 16-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев, Депозиттерди коргоо фондун башкаруу секторунун адистери Айдай Бейшенова жана Санжар Шергазиев «Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасы» аталышында конок-лекция өттү.

Лекциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы депозиттерди коргоо системасынын түзүмү, максаты жана иштөө механизмдери тууралуу кеңири маалымат берилди.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттерди финансылык сабаттуулукка шыктандыруу жана алардын банк системасы боюнча билимин кеңейтүү.

Депозиттерди коргоо системасы боюнча конок-лекция КМУнун Экономика жана менеджмент институту тарабынан уюштурулду.