КМУда «Дин психологиясы жана диний психология: өзгөчөлүктөрү, окшоштуктары жана айырмачылыктары» аталышында конок-лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Москва мамлекеттик психология-педагогикалык университетинин этнопсихология жана көп маданияттуу билим берүү кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Ольга Павлова «Дин психологиясы жана диний психология: өзгөчөлүктөрү, окшоштуктары жана айырмачылыктары» аталышында конок-лекция өттү. Конок-лекцияга Теология факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө доцент Ольга Павлова дин психологиясы – бул психология илиминин тармагы экенин, ал эми диний психология – теологиялык билимдин бир бөлүгү экенин баса белгиледи. Ошондой эле, ал Ислам психологиясынын Россияда жана чет өлкөлөрдө өнүгүшүнө өзгөчө токтолуп, бул багыт психологдор менен ислам теологиясынын адистери тыгыз кызматташканда гана өнүгө аларын билдирди.