КМУда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, радикализм жана экстремизмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
7-ноябрь күнү И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, радикализм жана экстремизмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Иш-чарага КМУнун студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын негизги максаты: диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын талаптарын аткаруу, студенттер арасында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, радикализм жана экстремизмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүн жана этностор аралык мамилелерди координациялоочу негизги мамлекеттик орган болуп эсептелет.
Белгиленген координациялоо иштерин алып баруудагы жана диний чөйрөнүн туура багытта өнүгүшүндөгү маанилүү документтердин бири 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы болуп саналат.
Аталган концепциянын артыкчылыктуу багыты болгон диний чөйрөдөгү агартуучулук саясатты жүргүзүүнүн алкагында республика боюнча миңдеген түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп келет.






