Blog Image

КМУда "Дизайн жана долбоорлоодо чыгармачыл изденүү" аталышында студенттик конференция өтүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинде "Дизайн жана долбоорлоодо чыгармачыл изденүү" аталышында студенттик конференция өтүүдө.

Студенттер экология проблемалары, костюмду изилдөө жана иштеп чыгуу, кийимдин тустүк гармониясы, заманбап мода темалар боюнча презентацияларды жасады.

Иш-чарага "Костюм, текстиль технологиясы жана искусствосу" кафедрасынын башчысы Н.А.Касыгулова, илим боюнча жооптуу, доценттин м.а. Д.О.Оспаналиева, ИДФтин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышууда.