КМУда доцент Д. Карагуловдун атындагы окуу-методикалык кабинети ачылды
Бүгүн, 25-октябрь күну, И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына карата педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Дайырбек Карагуловдун жаркын элесине арналган “Заманбап билим берүүдөгү перспективдүү маалыматтык технологияларды жана методдорду практикада колдонуу аталышында илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Д.Карагуловдун жаркын элесине арналган илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов, ЖМТИнин профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Дайырбек Карагуловдун жаркын элесине арналган видеоролик презентацияланды.
Ошону менен бирге, иш-чаранын алкагында Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда Дайырбек Карагулов атындагы окуу-методикалык кабинетинин ачылышы өттү.