Blog Image

КМУда доцент Д. Карагуловдун жаркын элесине арналган “Заманбап билим берүүдөгү перспективдүү маалыматтык технологияларды жана методдорду практикада колдонуу аталышында ИПК өтүүдө

Бүгүн, 25-октябрь күну, И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына карата педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Дайырбек Карагуловдун жаркын элесине арналган “Заманбап билим берүүдөгү перспективдүү маалыматтык технологияларды жана методдорду практикада колдонуу аталышында илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Д.Карагуловдун жаркын элесине арналган илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов, ЖМТИнин профессордук-окутуучулар курамы катышууда.

Д.Карагуловдун 50дөн ашык илимий методикалык эмгектери, алардын ичинен педагогика багытында 8 методикалык колдонмо, Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин грифи менен чыккан 2 методикалык колдонмо, информатиканы педагогикалык адистиктерге окутуу боюнча 3 типтүү окуу программасы жарык көргөн.