Blog Image

КМУда доцент С. Малабаев «Улуу Ата Мекендик согуштагы Кыргызстандын ролу» аталышында конок-лекция өттү

Бүгүн, 25-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасынын доценти Саламат Малабаев Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата «Улуу Ата Мекендик согуштагы Кыргызстандын ролу» аталышында конок-лекция өттү. Иш-чара тарых жумалыгынын алкагында уюштурулуп, ага Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.  Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуш боюнча илимий изилдөөлөр, согуштун башталышы, ата-бабаларыбыздын көрсөткөн эрдиктери жана учурдагы тынч замандын канчалык жоготуулар менен алынгандыгы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.  Конок-лекциянын максаты: студенттерди эр жүрөктүүлүккө жана патриоттуулукка тарбиялоо. Иш-чара КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.