Blog Image

КМУда доктор Мартин Гилберт “Жапайы жаныбарлардын учурдагы абалы” деген темада конок лекция өттү

19-январда И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунда америкалык жапайы жаратылыштын ветеринары жана эпидемиологу, доктор Мартин Гилберт “Жапайы жаныбарлардын учурдагы абалы” деген темада конок лекция өттү. Лекцияга институттун профессордук-окутуучулук курамы жана магистранттары катышып, үй жаныбарлар менен болгон конфликттер жана кандай жугуштуу оорулар кездешери тууралуу кеңири маалымат алышты.