КМУда “Доордон доорго: теле алып баруучулук чеберчиликтин өнүгүү тенденциялары” аталышында тегерек стол өттү
Бүгүн, 19-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кыргыз басма сөзүнүн 100 жылдыгына, КМУнун 80 жылдыгына жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын күнүнө карата “Доордон доорго: теле алып баруучулук чеберчиликтин өнүгүү тенденциялары” аталышында тегерек стол өттү.
Иш-чарага КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, КРнын Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев, КР эл артисти, ардактуу теле алып баруучу Тамара Жаманбаева, КР эл артисти, теле алып баруучу Гүлшан Молдоева, УТРКнын баяндамачысы жана теле алып баруучусу Нуржамал Бурханова, УТРКнын теле алып баруучусу Расул Багышбаев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын алкагында теле алып баруучулук өнөрүнүн манилүүлүгү жана анын учурдагы абалы боюнча маалымат берилип, “Кыргыз теле көрсөтүүсүнүн пайда болушу” аталышында видео-тасма көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө санарип доордо теле кызматкерлерине коюла турган талаптар, жасалма интеллекттин медиа тармакка тийгизген таасири жана теле алып баруучулардын келечектеги ролу тууралуу талкуулар болду.
Иш-чаранын экинчи бөлүмүндө филология илимдеринин кандидаты, доценттин м.а., белгилүү теле алып баруучу Айнура Кабатай кызынын Билим берүү жана илим министрлигинин мөөрү менен басылып чыккан “Кеп техникасы” аталышындагы окуу куралынын бет ачары өттү. Китеп тууралуу филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиев, эл аралык журналист Эсенбай Нурушев жана башка белгилүү коомдук ишмерлер өз пикирлерин билдиришти.