Blog Image

КМУда “Достук – маданият аркылуу бекемделет” аталышында иш-чара өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунда “Достук – маданият аркылуу бекемделет” аталышында иш-чара өттү.

Иш-чара академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып жаткан студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн колдоо, ар улуттун маданиятын даңазалоо жана достукту чыңдоо максатында уюштурулуп, ага МТМИнин директору, профессор Самат Жумалиев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Манас” эпосунан үзүндүлөр аткарылып, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында студенттерге сертификаттар тапшырылды.