КМУда “Economic fluctuations” аталышында конок-лекция өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин консультанты, экономика илимдеринин кандидаты Аскар Арзыбаев “Economic fluctuations” аталышында конок-лекция өттү.
Конок-лекцияга КМУнун экономика жана менеджмент институтунун жана эл аралык билим берүү программалары институтунун студенттери катышты.
Иш-чаранын алкагында дүйнөлүк экономиканын туруксуз шартында экономикалык солкундоолорду изилдөөнүн актуалдуулугу белгиленип, экономикалык циклдин моделдери, алардын себептери жана кесепеттери тууралуу маалыматтар берилди.
Конок-лекция студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга жана кесиптик өнүгүүгө шарт түздү.



