КМУда “EdNet University Rankings by Subject 2025” рейтингинин IV этабы өттү
Бүгүн, 20-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “EdNet University Rankings by Subject 2025” рейтингинин IV этабы өттү. Иш-чара КМУнун алдында түзүлгөн көз карандысыз Билим берүү программаларын аккредитациялоо, лицензиялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин башчысы Г.Р. Дүйшебаева жана башкы адиси К.С.Кыдыкбаева тарабынан уюштурулуп, сурамжылоо көз карандысыз социологдор тарабынан жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, мурунку этаптарда өлкөнүн бардык аймактарынан 900дөн ашык окутуучулар, билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун жана илимдин өкүлдөрү катышып, 500гө жакын иш берүүчү тандалып алынган.
Тандалган окутуучулардын арасында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 50дөн ашык окутуучулары бар. Бул университеттин жогорку көрсөткүчү.
“EdNet University Rankings by Subject 2025” рейтингинин IV этабы окутуучулар менен иш берүүчүлөр арасында сурамжылоо жүргүзүүнү камтыйт.
Рейтингдин жыйынтыгы 2025-жылдын май айында чыгарылат.