Blog Image

КМУда “Эффективдүү окутуу: Сингапур методикасынын сырлары” аталышында семинар өттү

Бүгүн, 22-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулар курамы үчүн программист-тренер Бактыгул Атаев “Эффективдүү окутуу: Сингапур методикасынын сырлары” аталышында семинар өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Сингапур методикасынын өзгөчөлүктөрү жана анын билим берүү процессиндеги натыйжалуулугу боюнча маалымат берилди. Иш-чара окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга жана аларга заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган.

Семинар КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.