Blog Image

КМУда эки күндүк эл аралык илимий-практикалык конференцияда адистер ой бөлүшүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Кохлеардык имплантация жана инклюзия: угуусу начар адамдарды реабилитациялоонун заманбап ыкмалары" аталышында эки күндүк эл аралык илимий-практикалык конференцияда Германиянын, Россиянын, Кыргызстандын окумуштуулары жана тармакта эмгектенген адистер кызыктуу баяндамаларын ортого салды.

Анда, “2020-25 ГИЦтин эл аралык кызматташтык боюнча немис коомунун колдоосу менен Кыргызстандагы Ленхардт фондунун долбоорлору” - Любовь Воловик (Райне шаарынын эрте кийлигишүү дисциплиналар аралык кызматынын адиси, Ленхардт фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү); “Укуунун минималдуу бузулушу - Екатерина Гарбарук (б.и.к., аудиолог, Санкт-Петербург мамлекеттик педиатрия медициналык университетинин илимий-изилдөө борбору, Санкт-Петербург эрте кийлигишүү институту); “Угуу бузулууларынын диагностикасында сүйлөө тесттери: кыргыз тилинде биринчи сүйлөө тести - Ширин Жумабаева (ЛОР-дарыгер, сурдолог-аудиолог, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору), Анастасия Найманова (сурдопедагог, И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу, Угууну калыбына келтирүү боюнча адистердин эл аралык ассоциациясынын директору); “Аплифт ишине эрте кийлигишүү” - Назгүл Сулейманова (Аплифт коомдук фондунун жетекчиси); “Дарыгерлердин жана мугалимдердин ишинде жасалма интеллектти колдонуу” - Семён Свистунов (РайФ АйтИ компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер) ж.б.

Позвонить