Blog Image

КМУда эки күндүк эл аралык конференция өз ишин баштады

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Кохлеардык имплантация жана инклюзия: угуусу начар адамдарды реабилитациялоонун заманбап ыкмалары" аталышында эки күндүк эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Конференция И.Арабаев атындагы КМУ менен Ленхардт фондунун кызматташтыгынын алкагында өткөрүлүүдө (Ленхардт фондунун долбоору Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча коомунун колдоосу менен "Кыргызстанда угуусу начар жана дүлөй балдарды колдоонун туруктуу программасын иштеп чыгуу" (GIZ).

Конференциянын ишине Германиянын, Россиянын, Кыргызстандын окумуштуулары жана тармакта эмгектенген адистер катышууда.

Конференциянын катышуучуларына И.Арабаев атындагы КМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева жана Ленхардт фондунун төрайымы Моника Ленхардт-Гориани (онлайн) 2 күндүк конференциянын ишине жигердүү ишмердүүлүк каалап кетишти.

Иш-чара КМУнун Педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулууда.

Позвонить