КМУда эки күндүк эл аралык угуусу начар адамдарды реабилитациялоонун заманбап ыкмалары маселелери боюнча конференция өз ишин аяктады
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Кохлеардык имплантация жана инклюзия: угуусу начар адамдарды реабилитациялоонун заманбап ыкмалары" аталышында эки күндүк эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин аяктады. Конференция И.Арабаев атындагы КМУ менен Ленхардт фондунун кызматташтыгынын алкагында өткөрүлдү (Ленхардт фондунун долбоору Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча коомунун колдоосу менен "Кыргызстанда угуусу начар жана дүлөй балдарды колдоонун туруктуу программасын иштеп чыгуу" (GIZ).
Конференциянын жүрүшүндө Германия, Россия жана Кыргызстандын тармакта эмгектенген адистери кызыктуу ойлорун ортого салып практикада ишке ашып жаткан ишмердүүлүгү менен бөлүштү.
Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Илимий-практикалык конференция И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институту менен Ленхардт фондунун кызматташтыгынын алкагында өттү.