Blog Image

КМУда «Экинчи жашоо» аталышында мастер-класс өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Экинчи жашоо» аталышында мастер-класс өттү.

Иш-чарага КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Мастер-класстын жүрүшүндө Айланма экономика тууралуу маалымат берилип, кайра иштетилүүчү материалдардан креативдүү буюмдар жасадды.

Мастер-класстын максаты: кереги жок китептердин таштандыга ыргытылуусун азайтып, жашыл келечек курууга салым кошуу.

Иш-чара КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту, «Жашыл Келечек» жана Building Circular Futures» долбоорлорунун катышуучулары тарабынан уюштурулду.

Позвонить