КМУда "Экология жана жаратылышты пайдалануу" багыты боюнча билим берүү программасын өркүндөтүү маселеси боюнча тегерек стол өттү
28-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунда тегерек стол болуп өттү. Жолугушууда катышуучулар "Экология жана жаратылышты пайдалануу" багыты боюнча билим берүү программасын өркүндөтүү жөнүндө талкуулашып, ошондой эле бул багытты толук өнүктүрүү үчүн стейкхолдерлер катышты.
Иш-чарага КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы Т.М. Егембердиев, “Ала-Арача” улуттук паркынын илимий иштер боюнча менеджери А.К. Рысбаев, И.Раззаков атындагы КМТУнун геоэкология жана өнөр жай коопсуздугу кафедрасынын доценти Д.А. Бейшенкулова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун окуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, г.и.к., проф.м.а. Т.А. Аблешов, И.Раззаков атындагы КМТУнун геоэкология жана өнөр жай коопсуздугу кафедрасынын ага окутуучусу Токтокожоева Т.К., NABU Kyrgyzstan мониторинг бөлүмүнүн башчысы Сагындыков Ж.Б., Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча Аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жансеркеева М.Т., КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Аймактар аралык токой аңчылыгын уюштуруу башкармалыгынын токой карталарын даярдоо жана маалымат базасын түзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Э.Шайлообекова, ошондой эле экология жана туризм кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышты.
Тегерек стол И.Арабаев атындагы КМУнун Экология жана туризм кафедрасы тарабынан уюштурулду.