КМУда “Эл аралык бейтараптык күнү” белгиленди
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 2025-жыл Түркмөнстанда «Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы» деп жарыялангандыгына, Түркмөнстандын туруктуу бейтараптык макамынын 30 жылдыгына жана “Эл аралык бейтараптык күнүнө” арналган иш-чара өттү.
Иш-чарага Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Түркмөнстандын тышкы саясаты, тынчтыкты бекемдөө боюнча демилгелери жана маданий кызматташтык тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле, Түркмөнстандын улуу акыны Махтумкули Фрагинин чыгармачылыгына өзгөчө көңүл бурулуп, анын “Менин атым Махтумкули” аттуу ыры кыргыз тилинде окулду.
Бул иш-чара эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоого багытталган.
Иш-чара КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулду.